Биз дүйнөдөгү өзгөрүүнү көрүш үчүн өзүбүз ошол
өзгөрүүдө болушубуз керек.
Мхатма Ганди
Жалпы жобо
"Эрудит" - мектептин жөндөмдүү окуучуларынан тандалган лидер окуучулардын ыктыярдуу клубу. Клубдун жетектөөсү астында сабактан тышкаркы мезгилдерде жөндөмдүү окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатып, илимий маалымадуулугун кеңейтүүгө, илимий изилдөөчүлүк, рационалдык ойлоп табуучулук, чыгармачылык ыкмага багыттайт.
Максаты:
Лицейдин моделине ылайыктуу инсан катары тарбияланууга көмөктөшүү
Милдеттери:
1. Окуучулардын таанып билүүчүлүк активдүүлүгүн жана чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү
2. Окуучулардын маалыматтык компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана өнүктүрүү
3. Дискуссия жүргүзүү жана доклад менен аудитория алдында сүйлөө маданиятына ээ кылуу
4. Окуучулардын атуулдук позициясын калыптандыруу
Натыйжа:
Социалдык- экономикалык кырдаалга ыңгайлашып кете алган интеллектуалдуу, толенранттуу, өмүр бою өзүн-өзү өнүктүрүүгө муктаж жана өз мекенинин патриоту болууга умтулган эрудит бүтүрүүчүлөр даярдалат.
"Эрудит" клубунун мүчөлөрү: ОИКке катышкан окуучулар
Конференциянын максаты: Окуучулардын илимий-изденүүчулүк көндүмүн, рационалдык ойлоп табуучулугун, чыгармачылыгын, интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү. Окуучулардын илимий коому, окуучулардын ыктыярдуу бирикмеси, алар математика, физика, информатика боюнча билимдерин өркүндөтүп, мугалимдердин жетекчилиги астында, сабактан тышкаркы мезгилде, илимий изилдөөчүлүк, рационалдык ойлоп табуучулук жактан чыгармачылык тажрыйбаларга жана билгичтикке үрөнүүгө умтулушат. Окуучулардын илимий коому өзүнүн аталышына эмблемасына ээ. Физика-математика профилинин окуучуларынын илимий коомунун эмблемасы жана урааны кабыл алынды.
Физика-математика профилинин таланттуу балдар банкы
(2019-2020 окуу жылы)
19.12.2019 күнү Окуучулар менен мугалимдердин биргелешкен илимий-теориялык-практикалык конференциясы өткөздүк.
Темасы “Тригонометрия турмушта”
Жооптулар: Озубекова Ж.Р. Сырдыбаева А.С.
9г классынын окуучулары
Катышуучулар: Жапаров А.Д.-мектеп директору
Физика-математика кафедрасынын мугалимдери
Физика-математика профилинин окуучулары