Дата публикации: Oct 09, 2013 10:39:42 AM
Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын мугалимдери арасында "Аялуу жана сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде" аттуу темада дилбаяндар кароо-сынагы өткөрүлдү. Бул кароо-сынак мамлекеттик тилдин 24 жылдыгына карата үч айлыктын жарыялангандыгына жана мугалимдердин кесиптик майрамына байланыштуу өткөрүлдү. Мугалимдердин илимий-усулдук, педагогикалык, психологиялык багыттагы дүйнө таанымдарын үйрөнүүнү көздөйт. Кароо-сынак мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, баалуулугун сезе билүү өз кесибин сүйүү максатында уюштурулду.
Кароо-сынак 24.09-2.10.13 аралыгында жүргүзүлдү.
Мугалимдер активдүү катышып 4 орун Сырдыбаева А., Жумакадырова Ж. белектер менен сыйланды.
Ал эми 1-орун Маматкулова З. - 1500 сом
2-орун Апазова А- 1000 сом
3-орун Эмилбаева К.- 500 сом менен сыйланышты.
Ээлеген орундарыңар кут болсун урматтуу мугалимдер!!!