Толук аталышы: Ысык-Көл областтык Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты
Адреси жана байланыш контактары:
Кыргыз Республикасы,
Ысык - Көл облусу, Каракол шаары, Есенин көчөсү №1
тел.: (03922) 50141, 50197
E-mail: aizada@toktogul.info
Web-сайт: www.toktogul.info
Мектеп директору: Апазова Айзада Жыргалбековна
Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары: Убайдылдаева Жаркын Уркалыковна
Тарбия иштери боюнча директордун орун басары:
Исабаев Айбек
Педагогикалык коллектив: 61 мугалим
Класс-комплекттердин саны: 24 класс-комплект
Окуучулардын саны: 641 окуучу
Лицейдин максаты: окуучуну ар тараптан өнүктүрүүгө, жеке аң-сезиминин деңгээлин көтөрүүгө, сапаттуу билимге ээ болууга, интеллектисин өнүктүрүүгө, руханий байлыгын кеңейтүүгө, саламаттыгын сактоого, өзгөрүп турган коомдун турмушуна ыңгайлашып кетүүгө, мектепти бүтүргөндөн кийин өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө жана өмүр бою билим алууга карата умтулуусуна пайдубал түптөө.
Кафедралар:
- Математика, информатика, физика кафедрасы;
- Кыргыз филологиясы жана тарых кафедрасы;
- Химия, биология кафедрасы;
- Чет тили жана орус тили кафедрасы;
- Көркөм, өнөр жана дене тарбия кафедрасы;
Мектеп газеталары:
- "МИФ" газетасы, математика - информатика - физика кафедрасы
- "Бүчүр" газетасы, тарых кафедрасы
-" ОЗОН " газетасы, химия- биология кафедрасы
- "Мөлтүр булак" газетасы, кыргыз филология кафедрасы
-"Нуска" мектеп газетасы
Спорт иштери:
- Грек-рим күрөшү;
- Ордо;
- Футбол;
- Баскетбол;
- Валейбол;
- Шахмат;
Т. Сатылганов атындагы областтык мектеп – лицей – интернатынын салттары
1 – сентябрь – Билим күнү.
Сентябрь айынын үчүнчү жумасынын бешинчи күнү - Мамлекеттик тил күнү.
Ноябрь айынын үчүнчү жумасынын бешинчи күнү – Лицей күнү.
Декабрь айынын үчүнчү жумасынын бешинчи күнү –Манасчылар күнү.
Февраль айынын экинчи жумасынын бешинчи күнү – Батыш тилдер күнү.
Апрель айынын экинчи жумасынын бешинчи күнү – Олимпиадачылар күнү.
Май айынын экинчи жумасынын бешинчи күнү – Т. Сатылганов – акын, демократ.
25 – май – Акыркы коңгуроо аземи
Кызматташтык:
Областтык билим берүү институту
"Кызыл жарым ай" коому
Областтык СДЮШОР
"Ыйык Ата-Журт" жаштар фонду
"Секом" билим берүү мекемеси
Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусу: парламенттик башкаруу