Дата публикации: Apr 19, 2014 3:6:6 AM
10.04.2014 жылы 7а,7б,7в,7г класстардын коомдук кароосу өткөрүлдү. Коомдук кароого мугалимдер ачык сабактарын жогорку деңгээлде өтүштү. Ата-энелер да тартылып өз баласын баалап, жетишкендиктерин байкашты. Сабактардан кийин ата-энелер менен биге спорттук мелдештер өткөрүлдү. Спорттук мелдештерде 1 орун 7б классы, 2-орун 7в классы, ал эми 3 орунду 7г классына бериди. Ата-энелер да активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланышты.
Коомдук кароонун максаты:
Окуучулардын билим алууга карата кызыгууларын арттырууга багытталган баалоонун ар түрдүү усулдарын колдонуу
Күтүлүүчү натыйжа:
Окуучулар өзүнүн жекече өсүшүнүн натыйжаларын мугалим иштеп чыккан баалоо критерийлери аркылуу так өлчөй алышат
Ар бир окуучу озүнүн күчтүү жана начар жактары жөнүндө конкреттүү маалымат ала алышат
Мугалимдер окуучуга калыс жана туура баа берүүнү камсыз кылышат
Ата-энелер өз балдарын окутууга карата кызыгуусунун артышын, өз билимине карата кыйла толук сүрөттөмөсүн ала алышат