Дата публикации: Mar 05, 2014 4:57:26 AM
Урматтуу, кымбаттуу, баа жеткиз апалар, эжелер, сиңдилер, !!!
Силерди жаз менен бирге кирип келген 8 март
"Аялдардын Эл Аралык" майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!!!
"Аял дүйнөнүн көркү, аны тиреп турган күч" дегендей аялзаты дүйнөдөгү эң сулуу, эң назик, мээримдүү, караңгылыктагы жарык нур, үйдүн куту. Силерсиз дүйнөнү элестетүүгө болбойт.
Силерге кааларыбыз узун омур, чын ден-соолук, уй-булөлүк бакыт таалай!
Дайыма ушул жаз күнүндөй жайнап журө бергиле.
Сүттөй ак жүзуңөрдөн күлкү кетпесин!
Ар бир ишиңер ийгиликтер менен коштолуп турсун!
Эжейлерди, энелерди кубантып
8-март жаз майрамы кирип келди.
Жаз менен кошулуп, дайым бизге
Чын ден соолук, узун өмүр
Арчадай жаштыкты, музыкадай шаттыкты
Сүттөй актыкты, суудай тунуктукту
каалайбыз!
Бар болгула, оорубагыла
Биз менен бирге кубангыла
Балдарыңардын урматына бөлөнгүлө!
ДАЙЫМА БАР БОЛГУЛА, АЯЛЗАТЫ!!!