Дата публикации: Feb 06, 2018 8:16:32 AM
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 4-декабрь “Манас” күнү деп жарыяланган, бирок “Манас” жумалыгын өткөрүү биздин лицейде салттуу көрүнүш. Себеби, “Манас” – кыргыздын рух-куту, касиети. Сан кылымдардан бери ооздон-оозго өтүп, эс тутумда бекемделип келген ак калпак элдин рухий таянычы, өйдөдө өбөгү, ылдыйда жөлөгү, бычак мизиндеги нечендеген тагдыр жазмыш кырдаалдагы сактоочусу, кол тийгис ыйык дөөлөтү. Кыргыз элинин тээ байыртан келе жаткан карт тарыхын, көөнө маданиятын, салт-санжырасын келечек муунга түп тамырын өзгөртпөй жеткирүүнүн башкы уюткусу, сөз өнөрүнүн энциклопедиясы, мамлекет идеологиясынын өзөгү, келечек муундун таалим-тарбиясынын башаты.
Жумалык 18.12. -22.12.2017-ж. аралыгында өткөрүлдү.
Жумалыктын максаты - мектеп-лицей-интернатынын окуучуларынын “Манас” эпосун улуттук байлык, ата-баба мурасы катары сыйлоо, урматтоо сезимдерин тереңдетүү, чыгарманы окуп үйрөнүүгө, “Манас таануу” таймашына кызыгууларын арттыруу менен интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, манасчылык өнөргө тартуу.
«Бекитемин»
Т.Сатылганов атындагы
мектеп-лицей-интернатынын
директору Жапаров А.Д.
__________________________
“Манас” эпосуна арналган адабий жумалыкта аткарыла турган иш-чаралардын планы.
18.12.2017. Мектептин линейкасында жумалыктын ачылышы болду.
8-класстын окуучулары МанасГимнин жогорку чеберчиликте аткарып беришти. “Манас таануу” ийримине катышкан окуучулар эпостон үзүндү көрсөтүп беришти. Андан соң окуучулар жумалыктын планы менен таанышышты.
18.12.17. Мектеп музейинде “Манас” үчилтиги боюнча бурч уюштурулду. Андан окуучулар эпос жөнүндө сабакка керектүү маалыматтарды алып, тема боюнча пайдалуу адабияттардын тизмеси менен тааныша алышты. Мындан сырткары “Саякбай” кинофильмин көрсөтүү пландаштырылып, бирок кийинкиге жылдырылды.
19.12.17. 6-9-класстардын окуучуларынын арасында манасчылардын тандоо конкурсу өткөрүлдү. Бул конкурска жалпысынан 14 окуучу катышып, алардан 8 катышуучусуурулуп чыкты.
22.12.16. Тандалып чыккан жаш манасчылардын жыйынтык конкурсу болуп өттү. Таймаштын жыйынтыгы чыгарылып, окуучулар грамоталар менен сыйланды.
1-орун Сабырбеков Рустам 6а-кл.
Эмилов Эрхан 6б-кл.
Жолдошбек кызы Акылжан 7а-кл.
2-орун Сагындыков Даниел 6в-кл.
Зайнидинова Адинай 8г-кл.
2-орун Куттубаева Рыскүл 6в-кл.
Бакыт у Шапак 8д-кл.
Бул конкурстун жүрүшүндөгү өкүнүчтүү нерсе класс жетекчилердин, жогорку класстын окуучуларынын жоопкерчиликсиз мамилеси болду. Себеби класс жетекчилерден саналуу гана мугалимдер катышса, ал эми 9-класстардан бир дагы окуучу катышкан жок.
22.12.17. Мектеп ичинде “Манас таануу” таймашы болуп өттү. Анда 8-класстын окуучуларынан түзүлгөн “Ыйык мурас”, “Биримдик”, “Туйгун” командалары “Манас” бөлүмү боюнча суроолор”, “Жер-Суу аттары”, “Сыр куржун”, “Күтүлбөгөн суроо”, “Өз ара суроолор” бөлүмдөрү боюнча күч сынашты. Анын жыйынтыгында “Ыйык мурас” командасы 1-орунга, “Биримдик” командасы 2-орунга, ал эми “Туйгун” 3-орунга татыктуу болушту. Бул команда мүчөлөрүнөн тандалып түзүлгөн курама команда областтык “Манас таануу” таймашына катышууга даярдыктарды көрүүсү милдеттендирилди.
22.12.17. 10-класстын окуучуларынын арасында “Манас” эпосу боюнча слайд конкурсу болду. Анын жүрүшүндө орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун 10б-класс
2-орун 10г-класс
10в-класс
Бул конкурска 10а-класстын окуучулары катышкан жок. Ошондой эле даярдалган слайддарга сын пикирлер айтылып, окуучуларда изденүү жетишпей жаткандыгы айтылды. Буга класс жетекчилердинокуучулары менен толук иштешпегендигин айтса болот. Көрсөтүлгөн слайддардан 10б-класстын иши талаптарга толук жооп бере ала турганы баса белгиленди.
22.12.17. күнү планда көрсөтүлгөн класстык сааттар өз убагында болуп өттү. Жатаканада “Манас” – кыргыз рухунун туу чокусу” темасындагы ачык тарбиялык саат өз убагында жана тиешелүү деңгээлде болуп өттү.
Жумалыктын жүрүшүндө окуучулар арасында “Манас” эпосу боюнча сүрөт конкурсу жүргүзүлдү Жумалык жыйынтыкталып жеңүүчүлөрго грамоталар тапшырылды.
Сунуштар:
1. Өткөрүлүп жаткан ар бир иш чарага окуучулардын даярдап жаткан иштерине класс жетекчилердин жоопкерчиликтүү мамиле менен даярдоосу .
2. Класс жетекчилердин иш чараларга катышуусун милдеттендирүү.
3. “Манас таануу” таймашына окуучуларды даярдоодо кыргыз тили, адабияты мугалимдердин бардыгын тартуу.
4. Өткөрүлүп жаткан иш-чараларга окуучулардын катышуусун камсыздоону класс жетекчилерге милдеттендирүү
5. Бардык класстардын окуучуларын тартуу