Дата публикации: Jan 21, 2014 7:46:41 AM
Кыргыз Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата мектеп- лицейинде иш чаралар болуп жатат
2013-жылдын 12-декабрында Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө 85 жыл толот. Бул күнү республикабызда улуу жазуучуну мамлекеттик деңгээлде эскерүү, анын чыгармалары боюнча «Айтматовдук окууларды» өткөрүү иш-чаралары жүрүүдө. Жалпы билим берүүчү мектептерде, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы уюмдарда окуу-методикалык иштер, анын ичинде, класстык сааттар, диспуттар, викториналар, таймаштар, конференциялар, аңгемелешүүлөр, дил баяндар өткөрүлүп жатат. Биздин мектеп да иш чараларды өткөзүүдө.
12.12.2013 саат 14.00 Мектептин жыйналыш залында " Ч. Айтматовдун ааламы" аттуу конференция
13.12.2013 саат 14.00 "Маңкурт" драмасы
13.12.2013 Класстык сааттын темасы "Ч. Айтматовдун ааламы"