Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1990-жылынын 11-майдагы №137 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү министрлигинин 1991-жылы 9-августта өткөрүлгөн коллегиясынын №7/1 чечими жана Эл депутаттарынын Ысык-Көл областтык Советинин 1991-жылынын 13-майда өткөрүлгөн Президиумунун №73 токтомунун негизинде, Т. Сатылганов атындагы мектеп-интернаттын базасында 1991-жылы август айында ачылды.
Ысык-Көл областынын билим берүү башкармалыгы, областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү инситутунун лабораториялары менен бирдикте жаңы типтеги мектепти уюштурууга керек болгон документтерди иштеп чыгышып, лицейдин жетекчилерин, мугалимдерин, тарбиячыларды топтоо боюнча конкурс өткөрүлдү. Ысык-Көл областынын ар түрдүү региондорунан келген окуучулардын билим деңгээли атайын даярдалган тесттер аркылуу бааланып, конкурстук жол менен кабыл алынды. Мектеп-лицейдин негизги документи болгон Уставы иштелип чыккан.
Лицейдин максаты: окуучуну ар тараптан өнүктүрүүгө, жеке аң-сезиминин деңгээлин көтөрүүгө, сапаттуу билимге ээ болууга, интеллектисин өнүктүрүүгө, руханий байлыгын кеңейтүүгө, саламаттыгын сактоого, өзгөрүп турган коомдун турмушуна ыңгайлашып кетүүгө, мектепти бүтүргөндөн кийин өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө жана өмүр бою билим алууга карата умтулуусуна пайдубал түптөө.
Лицейде билим берүүдө төмөндөгү принциптерге таянат:
· Демократиялуулук.
· Улуттук, дүйнөлүк илимдин жана эл аралык тажрыйбанын жетишкендиктерине багыт алуу.
· Билим берүүнүн саясий жана диний институттарга көз карандысыздыгы.
· Билим берүүнүн усулдарын, формаларын тандоого карата эркиндиги.
· Гумманисттик принцип: билим берүүдө окуучунун инсандык өзгөчөлүктөрүн эске алуу (инсандык мамиле).
· Билим берүүдөгү милдеттерди чечүүдөгү системалуулук;
· Билим берүүдө педагогиканын, психологиянын жана башка илимдердин, техниканын жетишкендиктерине таянуу;
• Окутуу, тарбиялоо, өнүктүрүүнүн бирдиктүүлүгү (комплекстүүлүк);
• Окутууну практика менен байланыштыруу;
• Ачыктык принцип.
Алгач ирет бул мектеп 1956- жылдын сентябрь айында азыркы чек арачылардын гарнизону жайгашкан жерде жетим балдардын интернаты катары ачылган. Кийинчерээк, жаштарга толук жана милдеттүү орто билим беүүчү саясатынын шарапаты менен жөнөкөй мектеп- интернатына айланып, Көл өрөөнү гана эмес Республикабыздын көптөгөн булуң- бурчтарынан келген жаштарга билим берүүчү мекеме болуп калган.
Ал эми ушул имараттын комплекси болсо 1963- жылы пайдаланууга берилген. Ошол учурда областыбыздын көптөгөн айылдарында орто мектептер болгон эмес. Натыйжада окуусун улантууга дилгир айылдык жаштардын көпчүлүгү мына ушул мектептен келип окуша турган. Жаштарга толук жалпы билим берүү мезгилинде бул мектеп-интернатта негизинен малчылардын, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары билим алышып, алардын саны 700гө чейин жеткен.
Бул мекемени жетектөгө областыбыздын агартуу тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү тартылган. Мектеп- интернатынын биринчи директору болуп эмгектенген белгилүү педагог- агартуучу Абды Давлеткелдиевдин (1956-1957) уюштуруучулук иши ал мезгилде жогору бааланган. Андан кийин бул социалдык мааниси чоң мектеп- интернатты областыбыздын билим берүү тармагында аттын кашкасындай белгилүү болгон:
Кухта Филипп Федорович (1957-1959),
Жунушев Жапар Жунушевич (1959-1962),
Абдаев Р.С (1962-1964),
Жапаров Бакас Жапарович (1964-1968),
Касымов Султанкул Касымович (1966-1969),
Осмонов С.О (1969-1972),
Ниязбаев Советбек Мукашевич (1972-1975),
Муканов Аалы Муканович (1975-1978),
Асаналиев Калык Асаналиевич (1980-1985), жетекчилик кылышкан.
Бүгүн бул адамдардын көпчүлүгү арабызда жок.
Залкар акыныбыз Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскирсин” деген учкул сөзү мына ушундай инсандарыбыз үчүн айтылгандай сезилет. Ошондон улам ар бир кийинки муун өкүлдөрү алардын өтөп кеткен эмгектерине терең баа бере жүрүшү абзел. 1985-1991-жылдары Т.Сатылганов атындагы мектеп-интернатын Темиралиев Болот жетектеп келди.
“Тарбия берүү- улуу иш, ошол аркылуу гана адамдын келечек тагдыры чечилет”- деп орустун улуу сынчысы В.Г. Белинский таамай айткан. Токтогул Сатылганов атындагы мектеп- интернатта жаш- муундарын тарбиялоодо зор эмгек сиңиришкен СССР Жогорку Советинин депутаты Балтабаева Үмүттүн, эмгектин ардагерлери, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниктери Узакбаев Бейшенин,Стамова Төрөкандын, Тохтакунова Шапиканын, Иманкулова Галинанын, Пашкова Екатерина Федоровнанын, Ахмедов Махмуддун, Иманалиева Шарапаттын, Курманакунов Догдурбайдын,Рыскулов Асандын ж.б. ысымдарын сыймыктануу менен айта алабыз.
Мектеп- интернаты ачылгандан бери, анын куттуу билим уясынан Республикабызга кеңири таанымал көптөгөн адамдар таалим- тарбия алып чыгышкан. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы Вице- Премьер- Министри Аманбаев Жумгалбек Бексултанович кыргыздын биринчи контрадмиралы Темиров Марат Сатиевич, белгилүү обончу К.Р эл артиси Аксуубай Атабаев, тележурналист- алып баруучу Шарапат Турдакунова, белгилүү ырчы К.Р. эл артиси Ибраев Анарбектин жана башка көптөгөн белгилүү атуулдар бар.
1991-жылы Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү колго алуусу менен билим берүу тармагы демократиялык өзгөрүүлөргө туш болду. Өлкөбүздө жаштардын шыгын, талантын өнүктүрүүчү жаңы типтеги мектептер-лицей, гимназиялар ачылды.
Республикабызда алгачкылардан болуп 1991- жылы мектеп- интернаттынын базасында Т. Сатылганов атындагы орто билим берүүчү мектеп- лицей-интернаты ачылды. Мектеп-лицейдин түзүлүшү менен элибизде “Мурунку көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат” дегендей мурдагы бийик наамын түшүрбөй, дагы жогору көтөрүп кете алабыз деген ойдо эмгектене баштадык.
Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин 1990-жылынын 11-майдын №137 токтомунун, Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлигинин 1991-жылы 9-августта өткөрүлгөн коллегиясынын №7/1 чечими жана Эл депутаттарынын Ысык-Көл областтык Советинин 1991-жылынын 13-майда өткөрүлгөн Президиумунун №73 токтомунун негизинде, Т. Сатылганов атындагы мектеп-интернаттын базасында 1991-жылы август айында ачылды.
Ал кезде Ысык-Көл областынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Каниметов Жангороз Каниметович эле. Областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү инситутунун базасында лабораториялар уюшурулуп, жаңы типтеги мектепти уюштурууга керек болгон документтерди иштеп чыгышып, лицейдин жетекчилерин, мугалимдерин, тарбиячыларды топтоо боюнча конкурс өткөрүштү.
Конкурстун жыйынтыгы менен мектеп-лицейдин директору Байсеркеев А.Э., окуу-тарбия боюнча директордун орун басары Ишенбаев С.И., илимий иштер боюнча директордун орун басары катары Озубекова Ж.Р. дайындалды. Конкурстук комиссиянын мүчөлүгүнө лицейдин жетекчилери кошулуп, мугалимдерди,табиячыларды тандоого катыша алдык. Конкурстун жыйынтыгы менен төмөнкүлөр лицейдин мугалимдери болуп калышты алар: Асанбекова А,Калеева Ш.А., Арунова Д., Кылычбаева Р., Жанышева Т.Э., Мырзалиева Н.А., Саякбаева Т., Кендирбаев А., Бектенова К., Буранова Г., Жапаров Ж., АсанбаеваЗ., Омуркулов Т., Абдылдаев Б., Көкбериева К., Шаипова С., Болотнова Л.С., ТурусбековаА., Тынаева Б., МааткеримовК., Ковылянская В., Исакова А., Тайчикова Г.
Тарбиячылар: Стамова Т., Адылканова А., Иманалиева Ш., ТыйтаковаГ., Нурдинова Р.,Сайрабаева А., Байсултанова Н., Маданбеков А., Умеева Б., Жумабекова А., Темирова К., Касенов Т.
Окуучулардын билим деңгээли атайын даярдалган тесттер аркылуу бааланып, конкурстук жол менен кабыл алынды.
Биринчи окуу жылында педагогдордун саны-53, “Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги” төш белгиге ээ болгондор-3, жогорку категориядагы мугалимдер -14, биринчи категориядагы мугалимдер-36, лицей класстарынын саны-9. Лицейчилердин жалпы саны-289. Үч профиль уюштурулган алар: физика- математика, химия-биология, кыргыз филология. Үч кафедра уюштурулуп, Калеева Ш.А., Асанбаева З., Көкбериева К.-алгачкы кафедра башчылары катары чыгармачылык менен милдеттерин аткарышкан.