Ысык-Көл областтык Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын мугалимдеринин «Жыл мугалими” кароо-сынактарынын жыйынтыктары
26.09-30.09.2016 жума ичинде Республикалык “Жыл мугалими-2016” кароо-сынагына информатика мугалими Сырдыбаева А.С. катышып келди. Конкурска 7 областтан жана Бишкек, Ош шаарларынан 9 мугалим катышты. Конкурс төмөнкү этаптарды камтыды: мугалимдин өзүн-өзү тааныштыруусу (самопрезентация), чыгармачылык портфолиосу, чыгармачылык ачык сабак, психология, педагогика жана предметтик тест, эссе. Бул кароо-сынакка катышуу менен Сырдыбаева А.С. чыгармачылык изденүү, өсүү, тажрыйба топтоо багыттарында чоң ийгиилктерге жетишти.
2018-2019-окуу жылы боюнча
2018-2019-окуу жылындагы маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири – “Жыл мугалими” кароо-сынагында англис тили мугалими Апазова Айзада Жыргалбековна областтык, республикалык кароо-сынакта байгелүү Гран-при сыйлыгына ээ болду. Бул сынак “Мугалим” журналынын демөөрчүлүгү менен өткөрүлүп, биздин мугалимдерибиздин кесиптик чеберчиликти ар тараптуу өнүктүрүп жаткандыгы Апазова Айзаданын жүзү менен дагы бир жолу тастыкталды.
2019-2020-окуу жылы боюнча
КР ББжИМдин “Жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн “Санарип педагогика” аталышындагы Республикалык конкурсун өткөрүү жөнүндөгү 30.03.2020-ж №327/1 Буйругуна ылайык уюштуруу комитетин, эксперттик топту түзүү боюнча буйрук иштелип чыкты.
“Санарип педагогика” конкурсуна катышуу үчүн мектеп администрациясы Тезекбаева Д., Сырдыбаева А., Ашымбаева К., Еркимбаева С., Карабек к А. Сүйүмбай к Р. – 6 мугалимге сунуштама берген. Ресурстарга, даярдык иштеринин жүрүшүнө карата 2 мугалим - биология мугалими Тезекбаева Д., англис тили мугалими Еркимбаева С. Жобого ылайык 5-7 видеосабактарын даярдашты. Видеосабактарды көрүп, мугалимдерге сунуштар айтылды, катышууга көрсөтмө берүүдө жаңылбаганыбызды билдик. 30-апрелге чейин аталган мугалимдер табыштаманын негизинде видеосабактарды сайтка жайгаштырып, 3-этаптын жыйынтыгы менен Еркимбаева Салтанат Талаачиновна министрликтин Ыраазычылык катына ээ болду.
2020-2021-окуу жылы боюнча
Экономика, биология мугалими Тезекбаева Д.И., информатика мугалими Сырдыбаева А.С. 2019-2020-окуу жылы ичинде “Санарип мугалим” республикалык кароо-сынагына катышышты. Сынак үчүн видео-сабактарын, класстан тышкаркы иш-чараларды, окуу сынактарын ж.б. уюштурушуп, 1-3-этаптан өтүп, 4-этаптын иш-чарасы дистанттык окутуунун жүрүшүнө байланыштуу, 2020-2021-окуу жылында улантылды. Республикалык “Санарип мугалим” кароо-сынагынын жыйынтыгы менен Сырдыбаева Айзада Саякбаевна 1-даражадагы диплом, Турция мамлекетине жолдомо, ал эми Тезекбаева Динар Ибраимовна 3-даражадагы диплом менен сыйланышты.