Дата публикации: May 07, 2014 8:45:51 AM
Улуу Ата Мекендик согуштун бүтүшүнө быйыл 69 жыл болду. Жеңиш күнүнө карата мектеп ичинде ар кандай иш чаралар өттүүдө.
"Жеңиш күнү" аттуу дубал газета конкурсу жарыяланган. Бардык класстын окуучулары активдүү катышышты.
Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ардактуу ардагерлер!
9-Май – Жеңиш күнү биз үчүн ыйык майрам. Мекенин коргоп, жер жүзүн фашизмден сактагандыгыңар үчүн таазим кылабыз.
Эгерде андай болбогондо кандай болорун элестетүү кыйын.
Силерге узун өмүр, чын ден соолук каалайбыз! Аман болуңуздар!
Эч ким, эч качан унутулбайт!