А. Осмоновдун жаркын элесине арналган "Ыр сабындагы өмүр" аттуу поэзия кечеси жогорку деңгээлде болуп өттү. Кыргыз тили жана тарых кафедрасынын мугалимдери тарабынан даярдалды. Кеченин катышуучулары акындын ыр дүйнөсү менен көрүүчүлөрдүн ар бирин толкундатып, жүрөгүнө чейин ырлардын маанисин жеткиришти.
11г классынын окуучусу Карымшакова Айзиректин "Айзиректен ыр десте" аттуу жеке концерти жогорку деңгээлде болду. Концертте тамашоу, досторунун, мугалимдердин атынан сонун номерлерди тартуулашты.Айзирек, атына заты жараткан зирек кыз. Көптөгөн ыр конкурстардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүсү. Айзирек, ийгилик, азаматсын! Кийин атайын музыкалык билим алып, чоң сахнада концерт коюшуна тилектешпиз.