Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейинин окуучуларынын илимий коому жөнүндө жобо
1. Жалпы жобо
Окуучулардын илимий коому (ОИК) мектеп окуучуларын ыктыярдуу бирикмеси, алар илимдин, техниканын, искусствонун белгилүү бир тармагында өздөрүнүн билимин өркүндөтуп, мугалимдердин ж.б. адистердин жетекчилиги астында сабактан тышкаркы мезгилдерде, илимий маалымдуулугун кеңейтүүгө, илимий-изилдөөчүлүк, рационализатордук-ойлоп табуучулук, чыгармачылык ыкмага багыттайт.ОИК өзүнүн аталышына, эмблемасына ээ болууга акылуу.
2. Окуучуларынын илимий коомунун милдеттери:
Окуучуларды ар тараптан өнүгүшүнө, мектеп окуучуларынын эмгекке жана турмуштук активдүү позицияга ээ болууга, ар бир ишке чыгармачылык менен мамиле кылуусуна багыттайт.
Окуучулардын коомдук саясий, гуманитардык, табигый, экономикалык, физико-математикалык илимдери боюнча илимий-изилдөөчүлүк жана рационализатордук ойлоп табуучулук иштерге кызыгууларын арттырат
Окуучулардын колдорунан келген илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү усулдарына жана ыкмаларына, экперименттерди жүргүзүү үчүн керектүү болгон приборлор, жабдуулар менен иштей билүүсүн, илимий адабияттарды туура пайдаланууга багыттайт.
Ата Мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин пропагандалоого чакырат
Мезгилдин талабына туура келген инсандык сапаттарын калыптандырат
Областтык, республикалык жана Эл аралык олимпиаларга, конкурстарга, конференцияларга катышууга багыттайт.
3. Илимий коомунун ишин мазмуну жана аны уюштуруу
Илимий коомдун ишинин башкы мазмуну илимдин, техниканын жана искусствонун бир тармагын терең окуп үйрөнүү процессинде окуучулардын таанып билүү активдүүлүгүн жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү саналат.
Мектеп окуучуларынын чыгармачылык иштеринде пайдаланылган адабияттардын, сүрөттөрдүн, чиймелердин, фото сүрөттөрдүн, карталардын ж.б. тизмеги илимий жетекчинин, консультанттардын көзөмөлү менен керектүү маалыматтарды колдонууга багыт берилет.
ОИКтин мүчөлөрүнүн кеңешмелери коллективдүү же жекече түрдө айына кеминде бир ирет лимий жетекчинин жана консультанттардын көзөмөлү астында жүргүзүлөт. Кышкы жана жайкы каникул мезгилдеринде ОИКтин мүчөлөрү үчүн семинарларды жана жалпы мектеп деңгээлинде уюштурулат. ОИКтин ишин уюштурууда мектеп парламенти лицей өкмөтү жана ар түрдүү балдар уюмдарынын пикирлери, кызыгуулары эске алынат.