Дата публикации: May 21, 2014 3:12:32 AM
2013-2014 окуу жылынын 15 майында : К.Р. Билим берүүнүн отличниги математика мугалими Мырзалиева Нуржамал Асакеевнанын, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары К.Р . билим берүүнүн отличниги кыргыз тили мугалими Убайдылдаева Жаркын Уркалыковнанын, информатика мугалими Сырдыбаева Айзада Саякбаевнанын педагогикалык иш тажрыйбасын жайылтуу үчүн Бенефис өткөрүлдү. Бул кечеге Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун директору Урумов Жеңиш Букараевич, гуманитардык багыттагы предметтер лабораториясынын башчысы Аттокурова Айнура Өмүртоктоевна, табигый илимдер лабораториясынын башчысы Арунова Дамира Абдыевна, кыргыз тили жана адабиятынын усулчусу Сартова Зинагүл Асаналиевна, математика предмети боюнча усулчусу Арыкбаева Бейшекан Абдыбековна, информатика предмети боюнча усулчусу Молдакунов Каныбек Касымович, орус тили жана адабиятынын усулчусу Минбаева Элмира Камбарбековна. Каракол шаарынын билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымы Касымалиева Жыпара Үсөновна, ата-энелер, мугалимдер жана башка коноктор чакырылды. Педагогикалык иш тажрыйбаны жайылтуу үчүн мугалимдер тарабынан китептер басып чыгарылды жана китепти бенефисте презентациялашты. Мектеп жетекчиси Жапаров А.Д., Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Озубекова Ж.Р., кафедра башчылары Жанышева Т.Э., Ахмеджанова Р.К., Садиев А.А. жана келген коноктор жакшынакай калоорун айтышты. Майрамыңыздар менен мугалимдер, силерге чыгармачылык ийгилик каалайбыз!!!