Лицейдин гимни
Сөзү: Т.Чакиев
Музыкасы: Ж. Байтемиров
Биздин заман билимдүүлөр заманы,
Аруу тилек зор максатка таң аткан.
Окуу жайлар кенен ачып эшигин,
Улан – кызга билим көксөп бараткан.
КАЙЫРМА:
Лицей- билим уям,
Келечектин отун жандырган.
Лицей- өскөн калаам,
Түбөлүккө достук таптырган.
Мекенибиз илим-билим мекени,
Күнү гүлдөп, айы көктөп бараткан.
Биздин лицей гүл сыяктуу жаздагы,
Түркүн гүлгө күмүш желе тараткан.
КАЙЫРМА
Унутпайлы бабалардын нускасын,
Билим бизди айга, күнгө жеткирет.
Ала-Тоодой ырыс күтүп ар дайым,
Жүрөлү алга, замандашым- мезгилдеш.
КАЙЫРМА