Т.Сатылганов атындагы мектеп- лицейдин негизги философиясы:
Социалдык- экономикалык кырдаалга ыңгайлашып кете алуучу, сапаттуу билимге ээ болгон, бүтүрүчүүлөрдү даярдаган, педагогдордун квалификациясын системалуу жогорулатып жана коомчулук менен социалдык өнөктөштүктө болгон, Ысык-Көл областынын билим берүү кызматкерлерине консультативдик тейлөө көрсөтө алган, маалымдуулук жана билим берүүчү инновациялык борбору бар профессионалдык өнүккөн мектепке айлануу.
Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын
Баамы
Социалдык-экономикалык кырдаалга ыңгайлашып кете алуучу, сапаттуу билимге ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү даярдаган, педагогдордун квалификациясын системалуу жогорулатып жана коомчулук менен социалдык өнөктөштүктө болгон, Ысык-Көл областынын мугалимдерине консультативдик тейлөө көрсөтө алган, маалымдуулук жана билим берүүчү инновациялык борбору бар профессионалдык жактан өнүккөн мектепке айлануу.
Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын
Миссиясы
Жалпы билим берүүчү Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты 1991-жылы ачылган. Биздин мектептен Ысык-Көл областына караштуу бардык райондорунан конкурстун негизинде өткөн окуучулар билим алышат. 2006-2007-окуу жылынан баштап окутуу-тарбиялоо процессин уюштурууда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде иштелип чыккан “Айылдык билим берүү” долбоорунун негизинде “Окутууну жана тарбиялоону жакшыртуу планын” жетекчиликке алып жатабыз. Педагогдор жана окуучулар системалык түрдө өзүн-өзү өнүктүрүүнүн үстүндө иштешет. Окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган система иштелип чыккан. Мектепти өнүктүрүүдө жана окуучуларга сапаттуу билим, тарбия берүүдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде иштелип чыккан ”2020-жылга чейин Кыргызстандын Билим берүү системасынын өнүгүүсүнүн концептуалдык негиздерин жана стратегиялык багыттарын” жетекчиликке алуудабыз.
Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын негизги милдеттери катары төмөндөгүлөр кабыл алынган:
Мектеп-лицейдин окуу планын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган окуу пландарынын негизинде түзүү.
Мектеп-лицей-интернатынын өнүгүү программасын түзүү.
Мамлекеттик стандартка туура келгендей билим берүү.
Окутуу-тарбиялоо процессинде педагогикалык илимдин жетишкендиктерин пайдалануу.
Ата Мекенин коргоп, демократиялык өзүн-өзү башкарууга катышып, өз өлкөсүнүн тагдыры үчүн жооп бере ала турган атуулду калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү.
Азыркы мезгилдин талабына туура келген окуучунун компетенцияларын калыптандыруу үчүн педагогдордун квалификациясын системалуу түрдө жогорулатуу;
Окуучунун жана педагогдордун өзүн-өзү өнүктүрүүсүн калыптандыруу.
Мектеп-лицей-интернатынын моделин түзүү жана анын мазмунун мезгилдин талабына жараша коррекциялоо.
Билим берүүдө коомдун социалдык заказы болгон окуучунун башкы компетенцияларын калыптандыруу: ар түрдүү маалыматтар менен иштей алуусу, социалдык – коммуникативдүүлүгү, өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чече билүүсү, өз мамлекетинин атуулу болуусу ж.б.
Окуучулардын саламаттыгын, өмүр коопсуздугун сактоо.
• Социалдык жактан коргоого муктаж болгон окуучулар менен жекече иш жүргүзүү.
• Профилдик предметтер боюнча окуу программаларын түзүү жана сапаттуу билим берүү.
• Окуу-тарбия процессинин мазмунун аныктоо жана мезгилдин талабына туура келгендей жакшыртып туруу.
• Класстан тышкаркы иштердин мазмунун аныктоо жана лицейдин максатына жетүүгө карата коррекциялоо.