Дата публикации: Jan 21, 2014 7:41:59 AM
Декабрь айынын 3 жумасында Лицейдин традициясы болгон "Манасчылар" конкурсу өткөрүлдү. Конкурска 7-11 класстын окуучулары катышышты. Абдан жакшы даярдыктар менен келишкен. Тактап айта кетсек 7б классынын окуучулары театралдаштырып, музыканын коштоосу менен "Манас" эпосунан үзүндү айтып беришти.
Жыйынтыгы төмөндөгүдөй аныкталып, грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
1 орун 7б классы классынын окуучусу Илиязов Данияр
2 орун 7в классынын окуучусу Кубанычбек уулу Гулжигит
3 орун 7гклассынын окуучусу Эркинбек уулу Айтбек
Орундарыңар куттуу болсун, Кыргызстандын Улуу Манасчылардай болгула !!!
Бул иш чарадан тышкары тарбиялык сааттар өткөрүлдү.
6-7 класстар "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторундагы тулпарлар жана буюм тайымдар
8-9 класстар ""Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторундагы чоролордун образдары
10-11 класстар "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторундагы үй-бүлөлүк мамилелер