Дата публикации: Aug 25, 2015 5:11:23 PM
Мына, ошентип лицейде дагы бир окуу жылы өттү. 2014-2015 окуу жылы лицей үчүн көптөгөн ийгиликтерди алып келди. 11а, 11б, 11в, 11г класстарынан 80 окуучу ийгиликтүү аяктады. "Акыркы коңгуроо" аземи жогоргу деңгээлде өткөрүлду. Атайын коноктор, ата-энелер чакырылган. Андан тышкары 10-жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр келишти.
Бутурүүчүбуз Миргүль Омурзакова февраль айында мектеп окуучулары үчүн проект жарыялаган. Ал проектти волонтер Эрик Эверсман мырзага арнаган. Окуу жылдын аягында проект жыйынтыкталып жеңүүчү болуп 11а классынын окуучусу Орузбаев Азамат табылды. Окуучубуз 1000$ ээ болду. Азамат чындыгында азаматсын, куттуктайбыз. Ал эми Миргуль эже силердей бүтүрүүчүлөр көп боло берсин. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!