Дата публикации: Nov 04, 2013 9:31:45 PM
Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицейинде 2013/2014 - окуу жылында 70 мугалим эмгектенет, алардын 35 «Кыргыз Республикасынын Эл агартуу» отличниги төш белгисине, 1 мугалим Озубекова Ж. Р.- К.Р. Эл мугалими ардактуу наамга ээ. Ушул мугалимдердин санын эмгек мугалими Кашкороева Лунара жана Султанагазиева Зина эжейлерибиз да "Кыргыз Республикасынын Эл агартуу" отличниги төш белгилерине ээ болушту. Ал эми химия мугалими Алыбаева Чолпон эжекебизге Ардак грамотасын тапшырышты.
Кымбаттуу мугалимдер наамдарыңар кут болсун,
ишиңерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
Наамдарыңар жугуштуу болсун!