Урматтуу Жибек Райымбековна!
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, билим саяпкери, чыгармачылыктын устаты, ыйык кесиптин ээси, адамзаттын зергери, ардактуу Жибек Райымбековна, 70 жылдык мааракеңиз менен чын ниетибизден куттуктайбыз!
Мугалим болуу кандай бакыт! Окуучулардын жан дүйнөсүнөн түнөк тапкан асыл адамга айлануудан артык нерсе барбы? Албетте, бул бийик баага Сиз өңдүү келечек муунга акыл-билимин тартуулаган, аларды адамдык аруулукка калыптаган касиеттүү, ыйык жан гана татыктуу. Баланын жан дүйнөсүн кыш сыяктуу кынаптап койгон, баалуу асыл таш сыяктуу чебердик менен чегип, аны көркөмүнө келтирген зергер устат-бул Сизсиз!
Касиеттүү көл кылаасындагы билим берүүнүн очогу болгон Т.Сатылганов атындагы областтык мектеп-лицей-интернатынын түптөлүшүндө, окуу-тарбия иштеринин сапатын көтөрүүдө Сиздин саламыңыз зор.
Нарк-насилдүү, дөөлөттүү карылыктын төрүнө өтүп,кутман курак 70тин туу белине жетсе да, жаш кезинен аздектеген мугалимдик кесибиңизди улантып, устаттык жоопкерчилигиңизди арттырып келесиз.Миңдеген окуучуларыңыз Ата Журттун бактысына жаралган атуулдар, өлкө тагдырын аныктаган инсандар болууда. Ар дайым окуучуларыңыздын сый-урматына татып, чыгармачылык ийгилигиңиз арта берсин! Сизге бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз!
Ар дайым бар болуңуз!
Сизди терең урматтоо менен
Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын
директору Жапаров А.Д. жана жалпы мугалимдер жамааты.
Конференциянын видеосун бул шилтемеден көрө аласыңар.
Атайын репортаж