Дата публикации: Jul 02, 2013 4:39:28 AM
"Сорос-Кыргызстан" Фонду каржылаган "Ийгиликке кадам" Коомдук Бирикмеси тарабынан аткарылган "Кыргыз Республикасынын кагазсыз мектептери" долбоорунун негизинде жарыялаган конкурстан Ысык-Көл областтык Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты тандалып алынды. Бул долбоор июнь-октябрь айларында жүргүзүлөт.
Долбоордун максаты: Кыргыз Республикасындагы 7 мектепти Билим Берүүдөгү Google Apps кызматына өткөрүү. Мектеп ишмердүүлүгүн санарип кызматына өткөрүү. Google Apps кызматын мектеп мазмунун онлайн ыкмасы менен сактоо жана иштөө.
Бул долбоорду үйрөнүү максатында Чолпон-Ата шаарында уюштурулган 3 күндүк семинар-тренинге окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Убайдылдаева Ж. жана информатика мугалими Сырдыбаева А. С. барып келишти. Кыргызстандагы биринчи Google Окутуучусу сертификатынын ээсинин жардамы менен ишке ашат.
Долбоордун жыйынтыгы менен мектеп администрациясынын, мугалимдердин окуучуларга сапаттуу билим берүүдө иштери жеңилдеп, өзгөрүп турган коомго туура келген прогрессивдүү, заманбап, жаңы маалымат технологиялары кеңири жайытылган мектеп болорубузга чоң ишеним бар.