Дата публикации: Mar 31, 2015 8:7:32 AM
Ушул жылы Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгын, дүйнө кыз-келиндеринин абалын жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин Пекин платформасынын 20 жылдыгын, БУУ Коопсуздук кеңешинин тынчтыкты сактоодо, чыр-чатактан кийин абалды калыбына келтирүүдө аялдардын салымын таануу боюнча 1325-резолюциясынын кабыл алынгандыгынын 15 жылдыгын белгилейт. Аялдардын ролун, коомдогу ордун алып чыгуу максатындагы ири иш-чараны уюштуруунун башында экс-президент Роза Отунбаева турат. Аялдардын улуттук форуму 2, 3-мартта Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда республикабыздын бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген миңден ашык адамдын катышуусу менен өттү.
Улуттук аялдар форумуна Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын Эл мугалими
Озубекова Жибек Райымбековна барып келди.