“Ийгиликтин паспорту” программасы биздин лицейде.
Бул программага мектеп-лицей-интернатынын
22 окуучусу тандалып алынды.
Окуу 12.03.13ж. башталды.
Окуу программасынын максаттары
“Ийгиликке паспорт” окуу программасынын максаттары жаштарга жардам берүүгө багытталган:
Өзүнө болгон ишенимдүүлүк, адамдар менен баарлаша билүү, чечим кабыл алуу жана алдыга максат коюуу сыяктуу жеке сапаттарды жакшыртуу.
Саламаттыкты сактоо боюнча маанилүү маселелер тууралуу жаштарга маалымат берүү.
Ишке орношуу үчүн керектүү жумуш жериндеги туура жүрүш-туруш, жамаат менен иштеше билүү, кызматташтык сыяктуу көндүмдөрдү үйрөтүү.
Жергиликтүү коомчулуктардын маселелерин чечүүдө социалдык долбоорлорду пландоо жана аларды ишке ашыруу иш чараларына катышуу.
• Биринчи бөлүм: Жеке сапаттар
• Экинчи бөлүм: Көйгөйлөрдү жана чыр-чатактарды чечүү
• Үчүнчү бөлүм: Сергек жашоо
• Төртүнчү бөлүм: Кызматта ийгиликке жетишүүнүн элементтери
• Бешинчи бөлүм: Социалдык долбоорлоо
• Алтынчы бөлүм: Программаны жыйынтыктоо
Кичи топтордун иштеп жаткан учуру
Баарыбыз биригип “кагаз киши” жасадык
Кайрымдуулук жумалыгына карата өткөрүлгөн иш чаралар
Координаторубуз Дамира Кудайбергеновна биздин балдар менен жолугушту
Кайрымдуулук жумалыганда
Караколдогу балдар үйүнө окуучулар белектерин тапшырышты жана лицейдин окуучулары
менен бирдикте концерт уюштуруп беришти
Биз бир командабыз!