Дата публикации: Mar 19, 2015 4:59:33 AM
Окуу программасынын максаттары
“Ийгиликке паспорт” окуу программасынын максаттары жаштарга жардам берүүгө багытталган: Өзүнө болгон ишенимдүүлүк, адамдар менен баарлаша билүү, чечим кабыл алуу жана алдыга максат коюуу сыяктуу жеке сапаттарды жакшыртуу. Саламаттыкты сактоо боюнча маанилүү маселелер тууралуу жаштарга маалымат берүү. Ишке орношуу үчүн керектүү жумуш жериндеги туура жүрүш-туруш, жамаат менен иштеше билүү, кызматташтык сыяктуу көндүмдөрдү үйрөтүү.
Жергиликтүү коомчулуктардын маселелерин чечүүдө социалдык долбоорлорду пландоо жана аларды ишке ашыруу иш чараларына катышуу