Дата публикации: Dec 14, 2015 8:51:35 AM
Ысык-Көл кээде жымжырт, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу мындай жолдош күткөн жокмун.
деген ыр саптарын ким гана билбейт. Ооба, бул Алыкул Осмоновдун "Жеңишбек" поэмасынан алынган.
2015-жылы Алп акын Алыкул Осмоновдун 100-жылдыгын белгилеп келе жатышат. Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейинде "А.Осмоновдун 100-жылдыгына" карата профилдер арасында таймаш өткөрүлду. Таймашка "Ысык-Көл", "Акындын мөлү", "Ак боз ат", "Каркыра" командалары катышышты. Бардык командалар эң жогорку деңгээлде даярданып келишкен. Төмөнкүдөй конкурстар болду:
1. Саламдашуу (команданын аты, эмблеманы жактоо)
2. Интеллектуалдык ринг (ар бир командага 10 суроо)
3. Көркөм окуу
4. Акындын чыгармаларына сценка
5. Акындын чыгармаларына обондуу ырлар
6. Кыргыз бийи
Конкурстун жыйынтыгы менен
1- орун "Каркыра" командасы,
2-орун -"Ысык-Көл" командасы, "Ак боз ат" командасы
3-орун -"Акындын молү" командасы- Таймаштын жүрушүнөн фотосъемка