КР Эл мугалими Озубекова Жибек Раимбековна атындагы музейдин ачылышы жана эскерүү илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
Конференцияда
📌Эскерүү сөздөрүн:
1. Кожоев М.К.- КРнын Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү
2. Касымалиев А. КТРК каналынын саясий программалардын шеф-редактору
3. Иманбаев А.А.-К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору
4. Молдосанов С.У.- И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинин директору
5. Ишенбаев С.И.- Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун координация иштери боюнча усулчусу
📌Илимий-практикалык баяндамалар
1. "Учурдун көрөгөч инсаны" аттуу илимий даректүү эскерүү китебинин бет ачары. Каниметов А.К.-КРнын тарых илимдеринин кандидаты
2. "Асыл данек отургузулган жерде..." Убайдылдаева Ж.Р.-КРнын Билим берүүнүн мыктысы
3. "Чымырканган эмгеги болбой, талант да, гений да жаралбайт" Ахметжанова Р.К. -КРнын Билим беруунун мыктысы
4. "Эмгек элдин эсинде" Каниметова Р.Б.- КРнын Билим берүүнүн мыктысы
5. "Жибек Раимбековнаны эскерүү" Каниметова К. - 11г классынын окуучусу
6. Жанышева Т.Э.- КРнын Билим берүүнүн мыктысы
7. Кудинов В.В.- КР Маданиятына эмгек сиңирген кызматкери
8. Шамиев А. М.- Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчынын орун басары, Ж.Р.Озубекованын күйөө баласы
📌Эл мугалими Ж.Р Озубековна атындагы музей ачылды
📌Ачык сабактардын галереясы менен жыйынтыкталды.
Биздин окуучулар Жогорку Кеңеште
Каракол шаарынын мэри Джумаев Эрмат Джумаевичдин колдоосу менен уюшулган "Бакыт кербени" долбоорунун алкагында биздин окуучулар Керимова Касиет жана Таалайбеков Талгар К.Р. Жогорку Кеңешинде экскурссияда болушту.
Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев жана Максат Сарбагышовдор менен жолугушуп келишти.
КР Маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Союзбек Надырбеков менен да жолугушуп, кызыктуу маектешти
Андан соң окуучулар Тарых музейине жана Кувейт Университетине барышып, кызыктуу маалыматтарды алышты.
Өтө сонун мотивация берүүчү демилге үчүн рахмат!!
"Манас таануу" таймашы
Физика-математика жумалыгы
"Мыкты медиабурч" конкурсу