Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1990-жылынын 11-майдагы №137 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү министрлигинин 1991-жылы 9-августта өткөрүлгөн коллегиясынын №7/1 чечими жана Эл депутаттарынын Ысык-Көл областтык Советинин 1991-жылынын 13-майда өткөрүлгөн Президиумунун №73 токтомунун негизинде, Т. Сатылганов атындагы мектеп-интернаттын базасында 1991-жылы август айында ачылды.
Ысык-Көл областынын билим берүү башкармалыгы, областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү инситутунун лабораториялары менен бирдикте жаңы типтеги мектепти уюштурууга керек болгон документтерди иштеп чыгышып, лицейдин жетекчилерин, мугалимдерин, тарбиячыларды топтоо боюнча конкурс өткөрүлдү. Ысык-Көл областынын ар түрдүү региондорунан келген окуучулардын билим деңгээли атайын даярдалган тесттер аркылуу бааланып, конкурстук жол менен кабыл алынды. Мектеп-лицейдин негизги документи болгон Уставы иштелип чыккан.
Лицейдин максаты: окуучуну ар тараптан өнүктүрүүгө, жеке аң-сезиминин деңгээлин көтөрүүгө, сапаттуу билимге ээ болууга, интеллектисин өнүктүрүүгө, руханий байлыгын кеңейтүүгө, саламаттыгын сактоого, өзгөрүп турган коомдун турмушуна ыңгайлашып кетүүгө, мектепти бүтүргөндөн кийин өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө жана өмүр бою билим алууга карата умтулуусуна пайдубал түптөө.
Лицейде билим берүүдө төмөндөгү принциптерге таянат:
· Демократиялуулук.
· Улуттук, дүйнөлүк илимдин жана эл аралык тажрыйбанын жетишкендиктерине багыт алуу.
· Билим берүүнүн саясий жана диний институттарга көз карандысыздыгы.
· Билим берүүнүн усулдарын, формаларын тандоого карата эркиндиги.
· Гумманисттик принцип: билим берүүдө окуучунун инсандык өзгөчөлүктөрүн эске алуу (инсандык мамиле).
· Билим берүүдөгү милдеттерди чечүүдөгү системалуулук;
· Билим берүүдө педагогиканын, психологиянын жана башка илимдердин, техниканын жетишкендиктерине таянуу;
• Окутуу, тарбиялоо, өнүктүрүүнүн бирдиктүүлүгү (комплекстүүлүк);
• Окутууну практика менен байланыштыруу;
• Ачыктык принцип.
Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын негизги милдеттери катары төмөндөгүлөр кабыл алынган:
· Мектеп-лицейдин окуу планын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган окуу пландарынын негизинде түзүү.
• Мектеп-лицей-интернатынын өнүгүү программасын түзүү.
• Мамлекеттик стандартка туура келгендей билим берүү.
· Окутуу-тарбиялоо процессинде педагогикалык илимдин жетишкендиктерин пайдалануу.
· Ата Мекенин коргоп, демократиялык өзүн-өзү башкарууга катышып, өз өлкөсүнүн тагдыры үчүн жооп бере ала турган атуулду калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү.
· Азыркы мезгилдин талабына туура келген окуучунун компетенцияларын калыптандыруу үчүн педагогдордун квалификациясын системалуу түрдө жогорулатуу;
· Окуучунун жана педагогдордун өзүн-өзү өнүктүрүүсүн калыптандыруу.
· Мектеп-лицей-интернатынын моделин түзүү жана анын мазмунун мезгилдин талабына жараша коррекциялоо.
· Билим берүүдө коомдун социалдык заказы болгон окуучунун башкы компетенцияларын калыптандыруу: ар түрдүү маалыматтар менен иштей алуусу, социалдык – коммуникативдүүлүгү, өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чече билүүсү, өз мамлекетинин атуулу болуусу ж.б.
· Окуучулардын саламаттыгын, өмүр коопсуздугун сактоо.
• Социалдык жактан коргоого муктаж болгон окуучулар менен жекече иш жүргүзүү.
• Профилдик предметтер боюнча окуу программаларын түзүү жана сапаттуу билим берүү.
• Окуу-тарбия процессинин мазмунун аныктоо жана мезгилдин талабына туура келгендей жакшыртып туруу.
• Класстан тышкаркы иштердин мазмунун аныктоо жана лицейдин максатына жетүүгө карата коррекциялоо.
Бул баракчада сиздер мектептин укуктук нормативдик документтери менен таанышсаңыздар болот.
Мектеп-лицейди башкарууда окутуу-тарбиялоо жана илимий-усулдук иштерди уюштурууда жетекчиликке алынган мамлекеттик документтер
“Кыргыз Республикасынын Конституциясы”, “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу” жөнүндө мыйзамдар, “Жаңы типтеги жалпы берүүчү мектептерди түзүү жөнүндө, Кыргыз ССРнин лицейи жана гимназиясы жөнүндө убактылуу жобо” №328\1а.28-май,1990-жыл (Министр М. Базаркулов), “XXI кылымдын кадрлары” (1995-ж),”Билим” (1996-2000-жж), 1995-2000-жылдарда “Маданият аркылуу билим берүү концепциясы”, “Жеткинчек” (1999-ж), “Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы 2000-2010-жж.” Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк “Жаңы муун программасы” 2001-ж, “Кыргыз Республикасынын окуучуларынын тарбиялоо концепциясы” №2/5 25.03.2002-ж, “Кыргыз Республикасында билим берүүнүн мамлекеттик доктринасы” 21.04.2000ж, “Бардыгына бирдей билим” 2002-ж, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун ата-энелер комитети жөнүндө типтүү Жобосу (Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 2008-ж. 11.08 №495/1 буйругу), “Кыргыз Респуликасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары”, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин №5\19 2005-жылынын 21-июлдагы коллегиясынын чечими, “2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы” ж.б.
Ысык-Көл областтык Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын окуу-тарбия процесси Кыргыз Респуликасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган окуу пландарынын негизинде уюштурулат.