Дата публикации: Mar 31, 2014 10:48:5 AM
8-март майрамына карата мектеп парламенти 10,11 класстардын жана практиканттардын арасында "Кана, эмесе кыздар" конкурсун өткөзүшту. Уюштуруучулар жакшы пландалган сценарий менен жогорку деңгээлде даярданышкан. Конкурстун 1-туру "Саламдашуу", 2-туру "Авангард", 3-туру "Кожойке", 4-туру "Интелектуалдык суроолор", ал эми 5-туру чыгармачылыгын көрсөтүү болду. Конкурска катышкан кыздар дагы абдан жакшы даярдык, чыгармачылык менен таланттарын көрсөтө алышты. Ошентип,
Практиканттардын курама командасы- "Асылзат" -3 орунга,
10-класстардын курама командасы "Кыз Жибек"- 2 орунга,
11-класстардын курама командасы "Арууке"- 1 орунга ээ болушту. Конкурстун аягында мектеп директору Жапаров Алтынбек Дуйшеевич өз сөзүн айтып, катышуучуларга ар кандай номинация боюнча грамоталарды тапшырды.
Биздин мектептин кыздары абдан сулуу, ыймандуу, акылдуу кыздар. 11 класстардын кыздары бактылуу болгула!!!