КР Мамлекеттик тил гимни.
Сөзү: Сейит Алтымышов
Музыка: Бакыт Алишеров.
Тил жаралып, Көкө-Теӊир таӊынан,
Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.
Адам деген түп сөзүнөн элимдин,
Кырыгыз тили ай-ааламга жаӊырган.
Кайырма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили- Мекеним,
Менин өлкөм кыргызстан!
Мекен тили Ата-Журттун кареги,
Биримдиги, күч кубаты, тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин
Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.
Кайырма:
Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили кан-жаныбыз, туубуз
Ата-Журттун келечеги, ак таӊы.
Кайырма: