2023-жылдын 20-сентябрынан 23-сентябрына чейинки мезгилде Казакстан Республикасынын Туркестан шаарында өткөрүлгөн “VII Всемирного Конгресса Математиков тюркского мира (TWMS Congress-2023)” аталышында конференция болуп өттү. Бул конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Бекназарова Махабат Кудайбердиевна катышып, “About uniformly Γ-Sets and its Mappings” темасында илимий баяндама жасады. Окутуучу Бекназарова Махабат Кудайбердиевнанын мындан аркы илимий иштерине ийгиликтерди каалайбыз.