Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 2-апрелиндеги №20-2789 тапшырмасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында “Улуттук тазалык күнү” уюштурду. Аталган иш-чарага 20-апрель күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучулар курамы жана студенттери активдүү катышып Жалал-Абад Курманбек этностадионунда тазалоо иштерин жүргүзүштү.