Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 27-майындагы №210 протоколунун З-пунктун аткаруу максатында Жалал-Абад шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында 1 айлык ишембилик өткөрууну уюштуруу боюнча буйруктун жана деканат тарабынан бекитилген графиктин негизинде 2024-жылдын 15-июнунда Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин аймагында ишембиликке катышты.
2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 2-апрелиндеги №20-2789 тапшырмасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында “Улуттук тазалык күнү” уюштурду. Аталган иш-чарага 20-апрель күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучулар курамы жана студенттери активдүү катышып Жалал-Абад Курманбек этностадионунда тазалоо иштерин жүргүзүштү.
2024-жылдын 6-апрелинде жалпы республикалык көчөт отургузуу өнөктүгү болуп өттү. Бул өнөктүккө кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер активдүү катышты. 2000 сом өлчөмүндө гүл идиш алынып берилди.
16-март күнү ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде өткөрүлгөн ишембиликке катышты.