Студенттер мэриянын ардак грамоталары менен сыйланышты!
Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери Абиджанова Шахзода жана Абдулажанова Нурийла жаштар саясатын ишке ашыруудагы мыкты аракеттери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланышты. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы мындай студенттер менен дайыма сыймыктанат жана да көп ийгиликтерге жетишерине тилектеш.