БУУнун модели иш-чарасына ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенти катышты
2024-жылдын 27-апрелинде АЭУда IR Club жана Эл аралык мамилелер кафедрасы тарабынан уюштурулган мектеп окуучулары үчүн БУУнун Модели иш-чарасы болуп өттү. Жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаранын максаты – катышуучуларды дипломатия жана көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүнө үйрөтүү, ошондой эле дүйнөлүк тарых жана саясат жаатындагы билимдерин бекемдөө.
Иш-чарага 66 адам катышып, алардын 54 – делегаттар жана 12си президиумдун төрагасы, теңтөрагасы жана катчысы сыяктуу мүчөлөрү болду. Ошондой эле Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинен ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенти Абиджанова Шахзода катышып атайын сертификатка ээ болду
БУУнун Модели үч тилде түзүлгөн күн тартиби менен 4 Комитетти камтыды:
Башкы Ассамблея (орус тилинде) – Жасалма интеллектти этикалык колдонуу жана өнүктүрүү системасын иштеп чыгуу
Коопсуздук кеңеши (англисче) – Израиль-Палестина чатагы: Газада ок атууну токтотуу
БУУ Аялдар (англисче) – Генеративдик жасалма интеллект жана интернеттеги гендердик зомбулуктун жаңы түрлөрү: алдын алуу жана куугунтуктоо
UNEP (кыргызча) – Борбордук Азиядагы суу ресурстарын башкаруу кризиси
Ар бир комитеттен үчтөн катышуучу өз ишинде мыкты делегаттар жана мыкты позициялык докладдар үчүн номинацияларга ээ болушту. Иш-чаранын соңунда номинациялардын жеңүүчүлөрү жана президиумдун мүчөлөрү Kettik, Куликовский, IQ bookstore жана Раритет компанияларынын сертификаттары менен сыйланышты.