Кесипке багыт берүү иштери жүргүзүлүүдө
2024-жылдын 29-майында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин бүтүрүүчүлөрү менен кесипке багыт берүү иш чарасы өткөрүлдү . Колледждин бүтүрүүчүлөрүнө колледждин директору Б.М.Турдубаева, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Төлөнов Э.Н., факультеттердин декандары, кафедра башчылары университеттин адистиктери боюнча кенири маалымат берип, окуу жайга тапшырууга сунуш беришти.
Иш чара учурунда физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилине абитуриенттерди тартуу боюнча маалыматтар берилип, видео-роликтер көрсөтүлдү жана буклеттер таркатылды. Талапкерлерге тандаган адистиктери боюнча сертификаттар тапшырылды.