2024-жылдын 30-ноябрында Ош шаарында ОшМУ тарабынан уюштурулган “Студент жана илимий техникалык прогресс” аттуу XI аймактык студенттик илимий конференцияга Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ФМББ(М)-1-21 тайпасынын студенти Олжобаева Айжамал (жетекчиси: ф.-м.и.д., проф. К.С.Алыбаев), ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери Кабилова Айзирек (жетекчиси: улук окутуучу М.Н.Нурматова) жана Абдуллаева Назгуль (жетекчиси: улук окутуучу М.Н.Нурматова) катышып келишти.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында жайгашкан бардык окуу жайлардан 400дөн ашуун студенттер, магистранттар катышышты. Конференциянын программасына ылайык, пленардык кеңешмеде жана 18 багыт боюнча секцияларда баяндамалар угулду, кызуу талкуу болду.
Математиканын жана физиканын актуалдуу маселелери секциясында 24 баяндама угулуп, “Аналитикалык функциялуу сингулярдык козголгон теңдемелердин чечимдеринин асимптотикалык жүрүмүн изилдөөдөгү өзгөчөлүктөр” темасында жасаган баяндамасы үчүн Олжобаева Айжамал 3-даражадагы диплом менен сыйланды.
ФМББ(М)маг-1-23 тайпасынын магистранттары Г.Э.Исакова (жетекчиси: ф.-м.и.д., проф. К.С.Алыбаев), Ж.А.Алимбекова (жетекчиси: ф.-м.и.д., проф. А.Джураев), А.М.Мансурбеков (жетекчиси: п.и.к., доц. А.Ураимхалилова), А.М.Масалбекова (жетекчиси: п.и.к., доц. А.Ураимхалилова), А.Ш.Баргыбаева (жетекчиси: улук окутуучу М.Н.Нурматова) катышып келишти.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында жайгашкан бардык окуу жайлардан 400дөн ашуун студенттер, магистранттар катышышты. Конференциянын программасына ылайык, пленардык кеңешмеде жана 18 багыт боюнча секцияларда баяндамалар угулду, кызуу талкуу болду.
Заманбап окутуунун технологияларын колдонуунун айрым маселелери секциясында 23 баяндама угулуп, “Орто мектепте предмет аралык байланышты орнотууда STEM мамиленин орду” темасында жасаган баяндамасы үчүн Мансурбеков Абдулборий 3-даражадагы диплом менен сыйланды.
Математика, физика, информатика мугалимдерин даярдоодогу учурдагы тенденциялар секциясында 35 баяндама угулуп, “5-6-класстарда математика сабагында окуучулардын функционалдык сабаттуулуктарын калыптандыруунун зарылдыгы” темасында жасаган баяндамасы үчүн Баргыбаева Айназик 2-даражадагы диплом менен сыйланды.