2024-2025-окуу жылына карата 2024-жылдын 10-майында тандоо дисциплиналарына тиешелүү окутуучулар жана ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери менен тандоо дисциплиналары боюнча жыйналыш өткөрүлдү. Окутуучулар тандоого коюлган 1-багыт боюнча астрономия, элементардык математика, сайт түзүү жана 2-багыт боюнча политология жана укук таануу дисциплиналардын максаты жана мазмуну жөнүндө студенттерге кенен маалымат беришти. Студенттердин сунуш-пикирлеринин жана тандоолорунун негизинде 1-багыт боюнча элементардык математика жана 2-багыт боюнча политология дисциплиналары тандалды.