2024-жылдын 20-апрелинде Ош технологиялык университетинде өткөрүлгөн XI аймактык университеттер аралык студенттердин олимпиадасына студенттер катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында математика адистиги боюнча ФМББ(М)-1-21 тайпасынын студенти Максүталиева Айгерим 1-орунду жана ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенти Асанбай кызы Кенжегүл 3-орунду ээлешип, дипломдор менен сыйланышты. Студенттерди олимпиадага даярдаган ага окутуучулар С.Шарапов жана М.Нурматовага ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенти Арсланбек кызы Хайтхон адистик эмес кыргыз тили жана адабияты дисциплинасынын олимпиадага катышып, 3-орунду ээледи. Катышкан студенттер менен Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы ар дайым сыймыктанабыз!