Кафедранын тарыхы
«Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасы Кыргызстандагы ири окуу жайларынын бири болгон Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин структуралык бирдиги. Кафедра жогорку билимдүү математик мугалимдерин даярдоого багытталган, анткени региондо жана Кыргызстанда математика боюнча жогорку билимдүү адистерге суроо-талап, муктаждык өтө күчтүү.
1993-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №163/1 буйругу менен Жалал-Абад мамлекеттик университети уюштурулган жана анын курамында «Жогорку математика» кафедрасы түзүлгөн.
2000-жылы кафедранын аталышы «Алгебра жана анализ» болуп өзгөртүлгөн.
Кафедра ачылгандан 2007-жылга чейин кафедраны ф.-м.и.к., доцент Болотбаев Керимбек Болотбаевич жетектеп келген.
2010-жылы кафедра кайрадан «Жогорку математика» кафедрасы болуп өзгөртүлгөн жана аны п.и.к., доцент Аванова Жылдыз Авановна жетектеген.
2015-жылдын май айынан баштап ЖАМУнун ректорунун №250 буйругунун негизинде «Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары» кафедрасы болуп өзгөртүлдү.
Кийин кафедраны ф.-м.и.к., доцент Нарбаев Мирсадык Рахимбердиевич (2016-2019), ф.-м.и.к., доцент Мурзабаева Айтбү Бусурманкуловна (2019-2020), п.и.к., доцент Ураимхалилова Аширхон (2020-2023) жетектешкен.
2023-жылдын сентябрь айынан баштап ЖАМУнун ректорунун буйругунун негизинде «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасы болуп өзгөртүлдү жана ф.-м.и.д., профессор Джураев Абубакир Мухтарович кафедра башчысы милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
2024-жылдын 31-январында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинде Джураев А.М. «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын башчылыгына шайланды жана ректордун буйругунун негизинде кафедра башчы болуп дайындалды.