СЕМИНАРДЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН БАЯНДАМАЛАРЫ УГУЛДУ
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясында ф.-м.и.д., проф. К.С.Алыбаевдын жетекчилиги менен лабораториянын иш планына ылайык, студенттик курамдын кийинки кезектеги мүчөлөрүнүн баяндамалары окулду.
2024-жылдын 16-майында ФМББ(М)-1-21 группасынын студенти Максуталиева Айгерим “Математикада зарыл жана жетиштүү шарттар” темасында даярдаган баяндамасы угулду, баяндамачы зарыл шарттардын, жетиштүү шарттардын аныктамаларын формулировкалап, мисалдарды келтирип, далилдөөлөрдү жүргүзүү менен шарттардын зырылдыгын жана жетиштүүлүгүн баяндады.
Студенттик курамдын мүчөлөрү докладды кызыгуу талкуу жаратуу менен, активдүү катышышты.
К.С.Алыбаев баяндамачынын баяндамасына баа берип, кийинки аткарыла турган иштерине багыт берди.