Окуу планы боюнча өтүлүүчү дисциплиналардын удаалаштыгы каралды
2024-жылдын 18-мартында Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окуу планы боюнча өтүлүүчү дисциплиналардын удаалаштыгын кароо боюнча жыйналыш өттү. Ага окутуучу С.Шарапов өз сөзүндө алгебра жана геометрия дисциплиналарын 1, 2, 3, 4-семестр өтүү керектигин сунуштады. Бул дисциплиналарды азыр 3, 4, 5, 6-семестрде өтүлүп жаткандыгын билдирди. Калган жарыш сөзгө чыккан кафедранын окутуучулары өздөрүнүн ойлорун билдиришти. Кафедранын башчысы А.Джураев окуу планы боюнча өтүлүүчү дисциплиналардын өзгөртүлгөн удаалаштыктарын угузду. Кафедранын окутуучулары дисциплиналардын удаалаштыгын ирээтке келтирилген вариантын кабыл алууга бир добуштан макул болушту.