Илимий-педагогикалык практика жыйынтыкталды
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы Педагогикалык факультетинин “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасында окуу процессинин графигине ылайык, ФМББ(М)маг-1-23 тайпасынын магистранттары 2024-жылдын 9-сентябрынан 5-октябрына чейинки аралыкта илимий-педагогикалык практиканы өтөлүшү боюнча 18-октябрь күнү конференция өткөрүлдү.
Конференцияда практиканын максат, милдеттерине ылайык, ар бир магистрант практика учурунда аткарган иштери менен бөлүшүп, төмөнкү багыттар боюнча кыскача баяндамаларды жасашты:
Чолпонбай кызы Роза, Исакова Гулжан - бирдиктүү окуу процессин ишке ашырууда тажрыйба алуу (Математиканы мектепте жана жогорку окуу жайда окутуу методикасы боюнча өтүлгөн сабактардын спецификалык өзгөчөлүктөрү);
Алимбекова Жаркын, Рахманалы кызы Нурзада - өз алдынча окуу сабактарын өтүү аркылуу окуу-методикалык жана тарбиялык иштер тармагындагы көндүмдөрдү өздөштүрүү (окуу дисциплиналарынын жумушчу программаларынын структурасы, мазмуну);
Эмилбек кызы Сезимай - окуу-методикалык адабияттарды өз алдынча үйрөнүү (Кафедранын китепкана фондундагы адабияттар менен жана издөө системалары менен иштөө);
Мансурбеков Абдулборий – билим берүү процессинин айрым компоненттерин долбоорлоо (STEM технологиясын колдонуу менен геометрия сабагында Пифагордун теоремасында предмет аралык байланышты ачып берүү);
Баргыбаева Айназик – окутуунун методикалык системасынын айрым элементтерин изилдөө (функционалдык сабаттуулукту калыптандыруунун зарылдыгын аныктоо: ОБЖУБ жана PISA изилдөөлөрү);
Масалбекова Айтурган - инновациялык билим берүү технологияларын ишке ашыруу (компетенттүүлүккө багыттап окутуунун салттуу окутуудан айырмачылыктарын аныктоо).
Конференцияда практиканын жүрүшүндө магистранттарда жаралган суроолор кызуу талкууга алынды. Иш-чара өз максатына жетти, магистранттарга аткарылган иштерин мындан да жакшыртуу үчүн сунуштар берилди.