Студенттер Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнө барышты
2024-жылдын 29-майында Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнө Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин студенттери келип, бөлүмдүн кызматтары боюнча таанышуудан өтүштү.
Студенттерге, www.migrant.kg сайты боюнча, бош жумуш орундар, каттоодо турган жарандар үчүн кыска мөөнөттүү акысыз окутуу курстары жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, кесипке туура багыт берүү борбору жана башка бөлүмдүн кызматтары боюнча аталган бөлүмдүн адистери тарабынан толук маалымат берилди. Иш чарага математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын студенттери катышты.
Студенттер чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча
ишмердүүлүгү менен таанышты
2024-жылдын 14-майында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун (Борбор) түштүк регион боюнча бөлүмү жана мигранттар үчүн ресурстук борбору менен биргелешкен Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин бүтүрүчү курстун студенттерине маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушууда Борбордун мигранттар үчүн ресурстук
борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө презентациялык материалдар көрсөтүлдү, ошондой эле коопсуз эмгек миграциясы, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле жолугушуулардын катышуучуларына чет өлкөдө
мыйзамдуу ишке орноштуруу жана эмгек мигранттарынын жеке коопсуздугу боюнча суроолорго толук жооптор берилди.
«Бош жумуш орундар, кесиптер жана гүл жарманкеси-2024» шаардык жарманкесине студенттер катышты.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын колдоосу менен Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү, JIA Бизнес ассоциациясы менен биргеликте 2024-жылдын 30-апрель күнү Жалал-Абада шаарынын «Мир» кино театрынын алдында «Бош жумуш орундар, кесиптер жана гүл жарманкеси-2024» иш чарасы өткөрүлдү. Аталган иш чарага математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын студенттери да катышты.
Иш чарада, шаар аймагында жайгашкан мекеме-ишканалардын бош жумуш орундары жана өндүрүлгөн продукциялары жарманкеге чыгарылды.