Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин М³ кафедрасынын окутуучусу Эрматали уулу Баяман Казакстандын “Эл аралык жаш окумуштуулар ассоциациясы” жана “БОБЕК” улуттук кыймылы юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан уюштурулган сынакка катышып, “КМШнын эң мыкты илимий кызматкери-2023” атайын төш белгиси, күбөлүк жана 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Сынакта катышуучулардын илимий ишмердүүлүгү жана жарыяланган илимий макалалары каралган.
Сынакка КМШ өлкөлөрүнүн эң алдыңкы илимий кызматкерлери катышып, 100 илимий кызматкердин макалалары тандалып алынган.