Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентинин №1-Н 21.12.2018-жылдагы бекитилген буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын калкынын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптарды аткарууда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулары жана студенттери 2024-жылдын 6-10-баскычтагы нормативдик талаптарын жобонун негизинде тапшырды. Жыйынтыгында ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери Абиджанова Шахзода, Абдуллаева Назгүл, Абдыгапарова Гүлайша алтын, күмүш төш белгиге жана күбөлүктөргө ээ болушту.
Нормативке жалпысынын 743 окутуучу жана студенттер катышып, 585 катышуучу толук аткарды. Анын ичинен 121 катышуучу алтын, күмүш төш белгиге жана күбөлүктөргө ээ болушту.
29-ноябрь күнү Табигый-техникалык факультетинин Чоң жыйындар залында (БАЗ) сыйлоо аземи болуп өттү.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министрлигине караштуу, дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Жаштык” дирекциясынын директорунун орун басары Евгачёв Орозбек Анарбаевич, “Жаштык” дирекциясынын улуу методисти Кудабаева Гульсара Асылбековна, “Жаштык” дирекциясынын методисти Койчубаева Патма Туйбаевна жана Табигый-техникалык факультетинин деканы т.и.к., доцент Шамиев Жакып Бакирович катыштып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.