2024-жылдын 14-февралында ЖАМУнун чоң жыйындар залында Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин студенттери менен Ооганстан Республикасынан Советтик аскерлердин чыгуусунун 35 жылдыгына карата “Ооган ардагерлери: унутпайбыз, даңазалап эрдигин” аталышындагы адеп-ахлак жана тарбиялык максаттагы жолугушуу болуп өтттү.
Жолугушууну факультеттин деканы, профессор Г.С. Токоева ачып, ардагерлер менен тааныштырды.
Алгачкы куттуктоо сөзүн Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын башчысы, профессор А. Джураев сүйлөдү.
Жолугушууга ардагерлер А.О. Шерматов М.И. Мамытовтор катышышты. Алар Ооганстан Республикасында Советтик аскерлердин курамында өтөгөн кызматтары жөнүндө баяндап, студенттердин суроолоруна жооп беришти.