Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин М³ кафедрасында ФМББ(М)-1-20 тайпасынын студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын отчетторун тапшыруу боюнча жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга практика жетекчилери Биримкулов Ш.К., Ураимхалилова А., Шарапов С.Т., Нурматова М.Н., Бекназарова М.К., Сыдыкова Б.Б. жана Эрматали уулу Б. катышышты.
Конференциянын башталышында студенттердин практика мезгилиндеги учурлары боюнча видео-ролик көрсөтүлдү. Студенттер практика өтөп жаткан учурдагы ийгиликтери, жетишкендери жана кемчиликтери жөнүндө сүйлөп беришти.
Жыйынтыгында практика жетекчилерге сөз берилди. Жыйынтыктоочу конференция жогорку денгээлде уюштурулгандыгы белгиленди. Отчетко тиешелүү документтер кабыл алынып, студенттердин аткаркан иштери бааланды.