30.05.2024-жыл

МАГИСТРАНТТАРДЫН МАГИСТЕРДИК ДИССЕРТАЦИЯЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛА КОРГООСУ БОЛУП ӨТТҮ

2024-жылдын 30-майында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын “Математика” профили боюнча ФМББ(М)-1-22 тайпасынын магистранттарынын магистердик диссертацияларынын алдын-ала коргоосу өттү.

Кафедра башчысы профессор А.Джураев алдыда мамлекеттик аттестациялоо башталып жаткандыгын айтып, комплексттик экзамен тапшыруу жана магистрдик диссертациялык ишти коргоо тартиби боюнча маалымат берди. Профессор К.С.Алыбаев жана доцент А.Ураимхалилова магистранттардын илимий иштерин жетектөө процессинде изилдөөлөрдү жүргүзүү абалы, магистранттардын эл аралык илимий-теориялык конференцияларга катышкандыгы, алардын илимий макалаларынын басмадан чыгарылып, жарык көргөндөрү жөнүндө кеңири токтолушту.

ФМББ(М)-1-22 тайпасынын 11 магистрантынын ар бири баяндама жасашты, алар өздөрүнүн илимий иштеринин актуалдуулугу, иштин объектиси, предмети, максаты, милдети, алынган жыйынтыктары тууралуу кеңири баяндама беришип, жыйынтыгында магистранттардын илимий изилдөө иштери коргоого даяр экендиги маалым болду.