04.07.2024-жыл.
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Бекназарова Махабат Кудайберди евна 2024-жылдын 29-июнунан 3-июлуна чейинки мезгилде Сербия мамлекетинин Врнячька-Баня шаарында өткөрүлгөн АТА-2024 (Analysis, Topology and Applications) аталышындагы илимий конференцияга катышып, “Some Properties of Remainders of Uniform Spaces and Uniformle Continuons Mappings” темасында илимий баяндама жасады. Бул конференцияга Америка, Корея, Греция, Словения, Азербейджан, Турция, Индия, Иран, Словакия, Македония ж.б. өлкөлөрдөн профессор, академиктер катышышты. Окутуучу Бекназарова Махабат Кудайбердиевнанын мындан аркы илимий иштерине ийгиликтерди каалайбыз.