14.03.2024-жыл
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясында ф.-м.и.д., проф. К.С.Алыбаевдын жетекчилиги менен лабораториянын иш планына ылайык, студенттик курамдын кийинки кезектеги мүчөлөрүнүн баяндамалары окулду.
2024-жылдын 14-мартында ФМББ(М)-1-23 группасынын студенттери: Абдуллаева Назгул “Пределдер теориясынын негиздери”, Кабилова Айзирек “Сызыктуу, квадраттык теңдемелер жана аларды чыгаруу” темаларында даярдалган баяндамалары угулду, баяндамачылар теманын мазмун-маңызын ачып берүүгө аракет жасоо менен бирге, тарыхый маалыматтарга таянып, мисалдарды чыгарылыштары менен көрсөтүп беришти.
Студенттик курамдын калган мүчөлөрү да семинарга активдүү катышышып, талкуу кызуу болду.
К.С.Алыбаев баяндамаларды жыйынтыктап, баяндамачыларга кийинки аткарылуучу иштерине багыт берди.