06.06.2024-жыл

СТУДЕНТТЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТЕРИНИН АЛДЫН АЛА КОРГООСУ БОЛУП ӨТТҮ

2024-жылдын 6-июнунда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын “Математика” профили боюнча ФМББ(М)-1-20 тайпасынын студенттеринин квалификациялык иштерин алдын-ала коргоосу болуп өттү.

Кафедра башчысы профессор А.Джураев алдыда мамлекеттик аттестациялоо башталып жаткандыгын айтып, комплексттик экзамен тапшыруу жана квалификациялык ишти коргоо тартиби боюнча маалымат берди.

ФМББ(М)-1-20 тайпасынын 22 студентинин  ар бири баяндама жасашты, алар өздөрүнүн илимий иштеринин актуалдуулугу, иштин объектиси, предмети, максаты, милдети, алынган жыйынтыктары тууралуу кеңири баяндама беришип, жыйынтыгында көпчүлүк студенттердин илимий изилдөө иштери коргоого даяр экендиги маалым болду.